Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 26.11.2018 16:22 На русском

Баткендеги прокурордун өлүмүнө шектүүнүн арызы Башкы прокуратурага жөнөтүлдү, - Кыйноолорду алдын алуу борбору

Turmush -  Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 70 жылдыгына карата Оштогу бейөкмөт уюмдар, КРнын акыйкатчы институтунун жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Оштогу өкүлү бүгүн, 26-ноябрь күнү АКИпресс-Ошто маалымат жыйын куруп, бир катар маселелерге токтолушту.

«Эл аралык коргоо борбору» коомдук фондунун өкүлү Акылбек Ташбулатов адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 70 жылдыгына карата регионалдык-гуманитардык форумга мүчө болгон бейөкмөт уюмдар бир катар иш-чараларды өткөрөрүн билдирди.

«Бир катар бейөкмөт уюмдар регионалдык-гуманитардык форумга мүчө болгонбуз. Адам укуктарынын кабыл алынгандыгынын 70 жылдыгына карата 1 айлык иш-чараларды баштадык. Адам укуктары жана башка маселелер боюнча жогорку окуу жайларда тегерек стол өткөрөбүз. Анда жалпы адамдардын укуктары бирдей экендигин, дүйнөлүк коомдо Гитлерге окшогондор адамдардын укуктарын канчалык деңгээлде тепсегенин мисал келтирүү менен бирге жалпы адамзат укуктары бирдей экенин айтабыз», - деди Ташбулатов.

«Энсан Диамонд» коомдук бирикмесинин төрайымы Жамиля Капарова бир катар изилдөөлөргө токтолду.

«Адам укуктарынын жалпы декларациясынын бир беренесинде "жалпы адамдар бир тууган" деп жазып коюшкан экен. Ага Елеонора Рузвельт сын айтып, "жалпы адамдардын укуктары бирдей" деп өзгөрткөн экен. Кыргызстанда мыйзамдар жакшы жазылган. Гендердик маселер боюнча 4-5 жакшы жазылган мыйзамдарыбыз бар. Бирок кеп алардын аткарылышында болуп жатат. Маселен, Кыргызстанда жергиликтүү бийликте 5-6 пайыз гана аялдар иштешет экен. Анткени аял губернатор, аким, мэр жок. Бизде аялдардын укуктарын бузуу боюнча фактылар бүгүнкү күнгө чейин бар. Ала качуу, эрте никеге туруу, көп аялдуулук, үй-бүлөдөгү аялга карата зордук-зомбулук жана башка маселелер.

Миграция маселесин карай турган болсок, Борбор Азиянын ичинен Кыргызстандан 40 пайыз аялдар мигрант болуп, чет өлкөлөрдө жүрөт. Ал эми бул көрсөткүч Тажикстан менен Өзбекстанда 20 пайызды түзөт. Ошондой эле эрте никеге туруу боюнча Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен Азербайжандан кийин эле турат экен», - деди Жамиля Капарова.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын өкүлү Худаяржан Нарматов бир катар статистикалык маалыматтарды айтып, Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектелген жарандын арызын кабыл алгандыгын кошумчалады.

«Бизде кыйноолорду алдын алуу боюнча 105 факты катталып, анын ичинен 17 арызды прокуратура карап, 2 кылмыш иши козголгон. Биз да 1-декабрдан 10-декабрга чейин бир катар иш-чараларды өткөрөбүз. Иш-чаралар Ош шаары жана Ош облусунда гана эмес, Кыргызстандын башка аймактарында да өтөт.

Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектүү жаран бизге арыз менен кайрылган. Чындыгында эле анын денесинде белгилер бар. Биз анын арызын Башкы прокуратурага жөнөткөнбүз», - деди Нарматов.

«Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева бийлик бейөкмөт уюмдар менен тыгыз иштешпейт деген пикирди билдирди.

«Азыркы учурда жергилктүү бийлик элдин пикири менен эсептешпейт. Эл менен кеңешпейт. Маселен, азыркы күндө көп айыл өкмөттөрдүн башкы планы жок. Алар жол салганда, обьект курганда эл менен кеңешпейт. Эмне үчүн ушундай маселелерди Жогорку Кеңеш көзөмөлдөбөйт? Мисалы, Ош мэриясында жумушчу комиссия бар. Ошол комиссиянын жыйынына бейөкмөт уюмдар катышышы керек. Буга окшогон жыйындарга бизди катыштырбай, өздөрү сүйлөшүп алган уюмдар менен өткөрө берет», - деди Мамасалиева.

Адам укуктарынын жалпы декларация 1948-жылы 10-декабрда Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан Париж шаарындагы Шайо сарайында кабыл алынган. Декларация 30-беренеден туруп, 500дөн ашуун тилге которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×