Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 26.11.2018 15:40

ОГПИде «Жаратман» чыгармачыл борборунун 7 жылдыгына карата спорттук мелдештерге түшүштү

Turmush -  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда окуу жайдын алдындагы «Жаратман» чыгармачылык борборунун 7 жылдык мааракелик-кечесине карата Ош шаарындагы жаш чыгармачыл топтор ортосунда спорттук мелдеш болуп өттү. Иш-чара институттун жаштар комитети жана «Жаратман» борбору тарабынан спорт аркылуу достукту бекемдөө максатында уюштурулган.

Ага «Достук» жана «Жигер» чыгармачылык жаштар борборунун, жаш таланттар мектебинин, ОшМунун студенттик «Нур» гезитинин жана акыйкатчы аппаратынын курама командалары катышты. Аталган мелдешти салтанаттуу түрдө ОГПИнин окуу иштери боюнча проректору Т.К.Раимбеков ачып, жалпы конокторго, катышуучуларга институттун атынан ыраазычылык билдирүү менен командаларга ийгилик каалап өттү.

Мелдеш спорттун волейбол жана футбол түрлөрү боюнча болуп, бардык командалардын активдүү катышуусу менен оюн жогорку деңгээлде өттү. Жыйынтыгында футбол боюнча III орунду Кыргыз-Өзбек университетинин «Достук» ЧЖБу, II орунду ОшМунун «Нур» гезити, ал эми I орунду «Жаш таланттар мектеби» ээледи.

Ошондой эле волейбол боюнча кыздар ортосундагы мелдеште III орунду «Жаш таланттар мектеби», II орунду «Жигер» ЧЖБу, I орунду «Достук» ЧЖБнун командасы багынтты.

Ал эми волейбол боюнча балдар ортосундагы мелдеште III орунду «Жаш таланттар мектеби», II орунду «Жигер» ЧЖБ-1, I орунду «Жигер» ЧЖБ-2 командалары ээлешип, уюштуруу тобунун диплом жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Мындан тышкары мыкты оюн көрсөткөн команда мүчөлөрү белгиленип, аларга атайын сыйлыктар ыйгарылды.

«Жаратман» чыгармачыл борбору 2011-жылы ОГПИнин алдында активдүү, чыгармачыл студенттерден түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×