Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 26.11.2018 15:16 На русском

Оштогу окуучу кыздардын канжалаган мушташы: Шектүү камакка алынган жок

Turmush -  Ош шаарында окуучу кызды канжалаганча сабаган өспүрүм кыз камакка алынган жок. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, мектеп окуучусунун катышуусу менен катталган мушташ боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бейбашчылык беренеси менен козголгон кылмыш иштин алгагында тергөө иштерин улантууда.

«Тараптардын бири-бирине карата арыз жазбагандыгына байланыштуу мектептин жогорку классынын окуучусун урган кыз убактылуу кармоочу жайга киргизилген жок», - деп айтылат ШИИБдин маалыматында.

Мушташкан окуучу кыздар

Сүрѳттѳ: Кызыл курткачан — жабырлануучу, кара күрмѳчѳн — шектүү, жоолукчан кыз — видеотасмага тарткан.
Буга чейин социалдык тармактарга окуучу кыз канжалаганча сабалганы тартылган видеотасма тараган. Булактардын билдирүүсү боюнча, бул окуя Ош шаарындагы Манас-Ата (мурунку ХБК) кичи районунун аймагында болгон.

Кийинчерээк Ош ШИИБ бул окуя боюнча расмий маалымат тараткан болчу.

Анда: «Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери видеотасмага байланыштуу иликтөө иштерин жүргүзүп, анын катышуучуларын аныктады. Окуя 2018-жылдын 21-ноябрында саат 11:00 чамасында болгон.

Видеотасмада бети канаган кыз шаардагы мектептердин биринин 11-классынын окуучусу. 2002-жылы туулган. Ал эми аны урган кыз Кара-Суу районунун жашоочусу, 2002-жылы туулган. Алгачкы маалыматтарга караганда, мурда эки ирет: уурулук жана бейбашчылык боюнча жазаланган. Аны апасы жалгыз тарбиялап чоңойткон. Мурда Ош шаарында жашап, кийин Кара-Сууга көчүп кетишкен.

Ал эми экөөнүн мушташын смартфон аркылуу видеого тарткан кыз — кара-суулук кыздын курбусу, эч жерде окубайт. Өзүнүн көрсөтмөсү боюнча, 15 жашында медреседе билим алып баштап, сокур ичеги болгондон кийин окуудан чыгып кеткен. Ал 2001-жылы туулган, Ош шаарында жашайт. Аны да апасы жалгыз баккан.

Учурда бул фактыга байланыштуу териштирүү иштери жүрүп жатат. Алгачкы териштирүүдө маалым болгондой, эки тарап 18-ноябрдан тарта социалдык түйүн аркылуу байланышып, урушуп кетишкен. Кийин жаңжалын чечүү максатында Ош шаарынын «Космонавттар» эс алуу багында жолугушууну сүйлөшүп, ошол жерде 21-ноябрда саат 11:00 чамасында жолугушкан. Бул окуя мушташ менен аяктады.

Алар муну менен токтоп калбай, аталган эс алуу паркынан алыс эмес жердеги үйлөр тарапка барышып, жаңжалдарын улантышкан. Аны видеого тарткан кыз ошол эле күнү досторуна жөнөткөн», - деп айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×