Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 26.11.2018 14:24

Ошто 3 шаардан чогулган кикбоксчулар күч сынашты

Turmush -  Ош шаарында 24-25-ноябрь күндөрү кикбоксинг боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу мелдештин башкы калысы Нурлан Тиленчиев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Жалал-Абад, Өзгөн жана Ош шаарынын атынан 14 жаштан 17 жашка чейинки спортчулар катышты.

«Турнирде спортчулар 28 салмак даража боюнча күч сынашышты. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медаль, грамота жана белектер тапшырылды», - деди Н.Тиленчиев.

Мелдеште 16-17 жаштагы спортчулар 42 кг салмактан 74 кг салмакка чейин, ал эми 14-15 жаштагы спортчулар 33 кг салмактан 60 кг салмакка чейин күч сынашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×