Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 26.11.2018 13:29

Наримандагы жер чыры: Айрым жашоочулар президентке кайрылуу жолдошту (видео)

Turmush -  Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтүндө жерлер мыйзамсыз сатылып жатканын айрым жергиликтүү жашоочулар бүгүн, 26-ноябрь күнү уюштурулган маалымат жыйында айтып, президентке кайрылышты.

Жашоочулардын бири Камил Усмановдун айтымында, 2005-жылы кичи долбоордун негизинде курулган спорт залдын 10 сотых жерин Нариман айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы сатып жиберген.

«2005-жылы кичи долбоордун негизинде спорт зал курганбыз. Бирок спорт залга тиешелүү 10 сотыхтан ашуун жерди мурунку айыл өкмөт башчысы сатып жибериптир. Бул маселе боюнча азыркы айыл өкмөткө кайрылсак, ал ишти прокуратурага өткөрүп бергендигин айтты. Бирок азыр эч кандай жыйынтык жок. Чуу менен коштолгон иштерге Нариман айылдык кеңешинин депутатынын да тиешеси бар экен. Менин билишимче ал депутат 6-классты аяктагандан кийин билимин уланткан эмес. Анын депутат болуп алганына таң калып жатабыз. Жер сатуу маселесине анын да тиешеси бар экен», - деди Усманов.

Аталган айыл өкмөттүн дагы бир жашоочусу Таиржан Касымов жерлер акчалууларга гана берилерин билдирди.

«Спорт залдын жеринен сырткары башка айылда да 3 гектарга жакын жер сатылып кетти. Мындай мисалдар толтура. Азыркы айыл өкмөт башчысынын тиешеси жок экен. Жерди мурунку айыл өкмөт башчы менен жергиликтүү кеңештин депутаты 135-токтом боюнча сатыптыр. Негизи 135-токтомдо жерге токтом чыгаруу боюнча эч нерсе жазылбаптыр. Алардын токтому жасалма болгон», - деди Касымов.

3 уулуна азырга чейин жер ала албай жүргөнүн айткан Адахамжан Эшботоев да жердин баары акчалууларга берилип жатканына токтолду.

«Мен ушул убакка чейин бир да жер ала алган жокмун. Учурда 3 уулум бар. Бизге окшогон карапайымдарга жер бербей, акчалууларга берип жатышат. Жерди 25-30 миң доллардан сатып жатышат. Ошондуктан биз президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жогоруда айтылган маселебиздин чечилүүсүнө жардам берүүсүн суранабыз», - деди Эшботоев.

Бул маселелерден Нариман айыл өкмөтүнүн азыркы башчысы Улукбек Рахманов кабары бар экенин, ал тургай айрым маселелер боюнча Каржы полициясы иш алып барып жатканын айтты.

«Алар айтып жаткан 10 сотых жер боюнча райондук прокуратурага кайрылгам. Алар кылмыш каттоого алынганын билдиришкен. Прокуратура ишти Каржы полициясына берген окшойт. Бүгүнкү күндө бул ишти аталган башкармалык карап жатат. Ал эми Жийделик айылындагы 3 гектарга жакын жердин сатылуусунда да шектүү жагдайлар абдан көп. Анткени алардын токтому айыл өкмөттө катталган эмес. Айыл өкмөттө катталбагандан кийин ал жасалма документ мыйзамсыз болуп саналат. Андан сырткары Нурдар айылында 60 сотых жер боюнча ишти Экотехинспекция карап жатат», - деди Рахманов.

Ал эми айыпталып жактан мурунку айыл өкмөт башчы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×