Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 24.11.2018 18:14 На русском

Самара Каримова бошогон кызматка жаңы жетекчи келди. Аны жамаатка министр өзү тааныштырды

Turmush -  Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын башчысы болуп 39 жаштагы Нурлан Каримов дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Топчубай Досбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган окуу жайдын жаңы жетекчисин жамаатка кечээ, 23-ноябрь күнү маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өзү келип тааныштырган.

Нурлан Каримов сынактын негизинде тандалып алынган. Ал буга чейин Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова 24-октябрь күнү Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын жетекчиси болуп дайындалганы жана 31-октябрда жамаатка тааныштырылып, кызматына расмий киришкендиги маалымдалган. Ал эми 1-ноябрда С.Каримова тууралуу буйрукту маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жокко чыгарганын аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлаган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×