Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 24.11.2018 11:09

Оштогу өспүрүм кыздардын «разборкасы»: Мектеп мугалимдери үн катты

Turmush -  Ош шаарындагы кыздардын мушташы боюнча милиция окуяга тиешелүүлөрдү таап, тергөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка караганда, кыздар социалдык желелердин биринде урушуп кетишкен. Кийин Ош шаарындагы Космонавттар сейил багында жолугушкан.

«Кыздардын көрсөтмөсүнө ылайык 18-ноябрдан баштап социалдык желердин биринде жашыруун ысымдар аркылуу айтыша кетишип, андан ары Космонавттар багында жолугушкан. Андан ары Кара-Суу районуна караштуу Калинин айылы тарапка барышып, ошол жердеги турак-жайлардын биринде мушташып, видео ошол жерден алынган. Ал эми 3 кыз тең бири-бирине доосу жок экенин айтышууда. Бул иш кылмыш каттоо китебине катталды. Азыр ар тараптуу иликтөө иштери жүрүп жатат», - деди Сыдыков.

Сөз болуп жаткан кыздар менен жолугууга мүмкүнчүлүк болгону менен алар комментарий берүүдөн баш тартышты.

Мушташкан окуучу кыздар

Милициянын маалыматына караганда, токмоктолду делген кыз Ош шаарындагы Карл Маркс мектебинин 11-классынын окуучусу. Мектеп директору Элвиза Нарынбаев окуя боюнча кабары бар экенин, бирок окуучунун өзү менен сүйлөшкөндөн кийин гана маалымат берерин айтып, кыздын класс жетекчиси кененирээк маалымат берерин билдирди.

Шаардык милициянын маалыматына караганда, окуя 21-ноябрь күнү болжол менен саат 11-12лер чамасында болгон. Бирок таякталды делген кыздын класс жетекчиси ошол күнү ал жооп сурап кеткендигин билдирди.

«Ал бешинчи саатта жооп сурап кеткен. Бешинчи сабак саат 11:20да башталат. Кулк-мүнөзү жакшы кыз болчу. Мурун мындай тартипсиздик кылган эмес», - деди класс жетекчиси.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов бул маслее боюнча бардык жагдайлар такталгандан кийин чара көрүлө тургандыгын кошумчалады.

«Бул окуяны тийиштүү органдар, ички иштер башкармалыгы окуяны иликтеп, аягына жеткенде, окуянын жаралышына ким себепкер болгон, мектеп канчалык деңгээлде күнөөлүү деген суроолор боюнча алар аныктап бергенде биз ошого жараша чара көрөбүз», - деди Досмуратов.

Ош шаарында өспүрүм кыздардын мушташ менен аяктаган жаңжалы биринчиси эмес, буга чейин да өспүрүм кыздардын мушташы катталган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин социалдык тармактарга Ош шаарындагы мектеп курагындагы кыз канжалаганча сабалганы тартылган видеотасма тараган. Кийин аны сабаган кыздар апалары жалгыз тарбиялаган кыздар экен такталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×