Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 23.11.2018 18:23

«Чыпалак баатыр» Ошто конокто: Кыздар, меймандостук жана шаарды жол тандабас менен кыдырткан фанат (видео)

Turmush -  «Чыпалак баатыр» деп таанылган Зарылбек Аликенов Ош шаарына экинчи ирет конокко келди. Бул сапар аны менен аймактык кабарчылар таанышты.

Чыпалак баатыр

Ош шаарынын өзгөчөлүктөрү, кыздары тууралуу

Кыздарды айырмалай тургандай Америка же башка өлкөдө эмесмин да. Баары кыргыз кыздары, окшош эле го. Бирок Оштун эли өзгөчө меймандос экен. Келгенден бери менин фанатым өзүнүн жип унаасы менен шаарды кыдыртып чыкты. Ошко гастролдоп келгем, артисттер менен келишим түзүп иштеп жатам. Кечээ, 22-ноябрда Жалал-Абадга тойго бардым. Чүйгө жакын болгондо тез-тез эле келмекмин.

Социалдык түйүндөрдөгү негативдер тууралуу

Достуктагы адамдардын миңи терс пикир жазса, 100 адам жакшы сөздөрүн жазышат. Алгачкы күндөрү пикирлерди окуганда жердин астына түшүп кеткендей болуп, жүрөгүм ооруган. Кийин адамдарга эч нерсе жакпай турганын түшүнүп, көнүп калдым. Видеолорумду көпчүлүк көрөт, бирок түшүнбөгөндөр негатив жаза беришет. Негативдерди окуган туугандарым да кээде «ушул өнөрлөрүңдү токтотчу» деп калышат.

Кыргыз куудулдары тууралуу

Алгач рекордчу катары эле чыккан болчумун. Кийин эле киного чакырышып, 2 ай гана тартылдым. Андан кийин тойлорго да чакырып калышты. Ал жерде гиряны чыпалагым менен көтөрүп калсам, айрымдар «кыйналбай жөн эле койчу» дешсе, түшүнгөндөр, «сен эл кыла албаганды жасайт турбайсыңбы» деп калышат. «Куудулдук талантың да бар экен, өзүң жалгыз чыкпайсыңбы» деп калышат.

Кыргыз эстрада жылдыздарынан адамгерчиликтүүсүн гана сыйлайм. Мага Добрдын мамилеси жагат, аны сыйлайм.

Жеке жашоосу тууралуу

Учурда 32 жашка чыктым. Баары эле «түгөй жокпу?» дешет. Достошкон кыздар бар, бирок алар сүйүүсүн ачык айтышпайт. Бирок жаман көргөнүн да айтышпайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×