Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 23.11.2018 16:44

Кара-Кулжа айылындагы көчө 1 млн сомго асфальтталды

Turmush -  Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылындагы Кулмамат Акимбаев атындагы көчө толугу менен асфальтталды (узундугу 1 км). Райондук администрация маалымдагандай, асфальттоо иштерине жалпы 1 млн сом акча каражаты жумшалган.

Бүгүн, 23-ноябрда жол пайдаланууга берилип, ага Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов баштаган тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Ал эми долбоорду жеке ишкер колдоп, каржылаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×