Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 23.11.2018 15:08 На русском

Ош шаардык турак жай департаментин Т.Исакжанов жетектейт (сүрөт)

Turmush -  Ош шаардык мэриясынын жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин жетекчиси болуп Таймураз Исакжанов дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Таймураз Исакжанов буга чейин аталган департаментте бөлүм башчы болуп эмгектенип келген. Департаментти буга чейин Чынгыз Ташиев убактылуу жетектеген.

Жаңы жетекчини бүгүн, 23-ноябрда Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү жамаатка тааныштырды.

Таймураз Исакжанов 1987-жылы Ош шаарында төрөлгөн.

Эмгек жолу:

- 2010-2013-жылдары «Аман-Банк» банкынын Ош филиалындагы кызматкери;

- 2013-2014-жылдары ОшПВЭС ишканасынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн адиси;

- 2015-2016-жылдары Ош шаарынын мэриясынын жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин адиси;

- 2016-жылдан бери Ош шаарынын мэриясынын жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин жеке турак жай куруу, жер пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×