Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 23.11.2018 12:23 Жаңыланды: 23.11.2018 17:01 На русском

«Массовкага» айланган студенттер, нааразы болгон проректор (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 23-ноябрда Ош шаарында 2 миңден ашуун студент коштогон «Экстремизмге жана терроризмге каршыбыз!» аталышындагы жөө жүрүш өттү. Бирок бул иш-чара талкуунун башталышына себепкер болгон.

Деги эле Ош шаарындагы жөө жүрүш, ар кандай шаан-шөөкөттөр студенттерсиз өтпөйт.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары суукта окуучулар менен студенттерди массалык түрдө жөө жүрүшкө чыгарган шаардык бийликти айыптап жатышат. Оштогу жогорку окуу жайлардын биринин проректору Түмөнбай Колдошов мэриянын окуучуларды, студенттерди жөө жүрүшкө чакырган кадамын кескин сындап, пикирин социалдык түйүндөгү баракчасына жайгаштырган.

Анда: «Оштогу ар бир ЖОЖ 1000 студент, шаардык билим берүү башкармалыгынан 1000 окуучу, шаардагы мекеме-ишканалардын жамааты терроризмге каршыбыз деп көчөгө чыксын деп мэриядан тапшырма келди. Ошондо террорчулар кыйкырып качып, кырды ашып кетет окшойт, менимче. Студенттер сабак окуйбу же көчө таптап, тынч жашайбыз деп жүрө береби? Жөө жүрүштөн кийин кайсыл азамат студентти сабакка киргизебиз? Биз да студент болгонбуз да... Суукта дирилдеп мектеп окуучулары, дарыгерлер, муниципалдык мекемелер, милиция кызматкерлери жүрүшөт. Бирөөлөр ары басса, бирөөлөр бери келе жатат. Мэрия "шоу" уюштурууну жакшы үйрөнүптүр», - деп жазган.

Бирок кийинчерээк аталган пикирин баракчасынан өчүрүп салды. Ал эми телефон аркылуу байланышканыбызда: «Жок, комментарий бербейм. Мен жаздым, кайра өчүрүп койдум», - деп жооп берди.

Ал эми шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров: «Азыр бир катар активисттер жана башкалар жөө жүрүштү сындап жазып жатышат. Биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Диний экстремизмдин идеологиясын колдогондор Кыргызстандагы башка облустарга салыштырмалуу Ош облусу менен Ош шаарында көп, муну баары жакшы билет. Бул жөө жүрүштү мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайлардын мугалимдери ачык сабак катары түшүнүшү керек. Жөө жүрүш саат 9га жетпей башталып, 10го жетпей аягына чыкты. Көп болсо 1 саат убакыт кетти. Тиешелүү органдар, казыяттан келишип, көп маалыматтарды түшүндүрүштү. Балким жөө жүрүшкө чыккан 2-3 миңге жакын адамдын ичинде бир террорчунун баласы "Мен терроризмге каршымын!" деп плакат көтөрүп чыккандыр. Мындан 1 же 10 адамга таасир берсе деле биз үчүн жакшы жыйынтык.

Бул иш-чаранын керек экенин билгендер муну сындамак эмес. Албетте, бул жерде эч бир тарап жыргаганынан бул ишти жасаган жок. Биз уктап жатканда тиешелүү органдар террорчуларга каршы күнү-түнү иштешкен», - деди Абсаттаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×