Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 23.11.2018 12:33 Жаңыланды: 23.11.2018 13:18 На русском

Видео, сүрөт: Оштогу окуучу кыздардын канжалаган мушташы

Turmush -  Социалдык тармактарга окуучу кыз канжалаганча сабалганы тартылган видеотасма тарады. Булактардын билдирүүсү боюнча, бул окуя Ош шаарындагы Манас-Ата (мурунку ХБК) кичи районунун аймагында болгон.

Кийинчерээк Ош ШИИБ бул окуя боюнча расмий маалымат таратты.

Анда: «Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери видеотасмага байланыштуу иликтѳѳ иштерин жүргүзүп, анын катышуучуларын аныктады. Окуя 2018-жылдын 21-ноябрында саат 11:00 чамасында болгон.

Видеотасмада бети канаган кыз шаардагы мектептердин биринин 11-классынын окуучусу. 2002-жылы туулган. Ал эми аны урган кыз Кара-Суу районунун жашоочусу, 2002-жылы туулган. Алгачкы маалыматтарга караганда, мурда эки ирет: уурулук жана бейбашчылык боюнча жазаланган. Аны апасы жалгыз тарбиялап чоңойткон. Мурда Ош шаарында жашап, кийин Кара-Сууга кѳчүп кетишкен.

Ал эми экѳѳнүн мушташын смартфон аркылуу видеого тарткан кыз — кара-суулук кыздын курбусу, эч жерде окубайт. Өзүнүн кѳрсѳтмѳсү боюнча, 15 жашында медреседе билим алып баштап, сокур ичеги болгондон кийин окуудан чыгып кеткен. Ал 2001-жылы туулган, Ош шаарында жашайт. Аны да апасы жалгыз баккан.

Учурда бул фактыга байланыштуу териштирүү иштери жүрүп жатат. Алгачкы териштирүүдө маалым болгондой, эки тарап 18-ноябрдан тарта социалдык түйүн аркылуу байланышып, урушуп кетишкен. Кийин жаңжалын чечүү максатында Ош шаарынын «Космонавттар» эс алуу багында жолугушууну сүйлѳшүп, ошол жерде 21-ноябрда саат 11:00 чамасында жолугушкан. Бул окуя мушташ менен аяктады.

Алар муну менен токтоп калбай, аталган эс алуу паркынан алыс эмес жердеги үйлѳр тарапка барышып, жаңжалдарын улантышкан. Аны видеого тарткан кыз ошол эле күнү досторуна жѳнѳткѳн», - деп айтылат.

Окуя Ош ШИИБдин кылмыш каттоо китебине бейбашчылык фактысы катары катталды. Учурда тараптар бири-бирине арыз жазуудан баш тартышууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматы тарабынан толук жана ар тараптуу териштирүү иштери жүрүп жатат. Анын алкагында күбѳлѳр, бардык кыздардын туугандары жана педагогдор да суралып баштады.

Мушташкан окуучу кыздар

Сүрѳттѳ: Кызыл курткачан — жабырлануучу, кара күрмѳчѳн — шектүү, жоолукчан кыз — видеотасмага тарткан.

Ошондой эле Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан бул окуяга байланыштуу тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×