Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 22.11.2018 15:21

ОГПИнин студенттери «Акыл ордо» таймашында Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча билимин сынашты

Turmush -  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда факультеттер ортосунда студенттердин «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Кечээ, 21-ноябрда уюштурулган иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата үч айлык иш пландын алкагында окуу жайдын жаштар комитети жана Кыргыз-Россия факультети тарабынан уюштурулду, деп маалымдайт окуу жайдын басма сөз кызматы.

Анын жүрүшүндө факультеттердин студенттеринен түзүлгөн командалар Ч.Айтматовдун өмүр жолу, чыгармаларына байланышкан суроолорго ыкчам жооп берип, өздөрүнүн билимин сынашты.

Оюнга жалпысынан алты команда катышып, жобого ылайык үч турдун негизинде жеңүүчүлөр аныкталган. Жыйынтыгында байгелүү 3-орунду Кыргыз-Россия факультетинин студенттери, 2-орунду колледждин студенттери ээлесе, 1-орунга табият таануу жана география факультетинин студенттери ээ болушту.

Жеңүүчүлөргө уюштуруу тобунун сыйлыктары, диплом жана китептер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×