Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 22.11.2018 11:00 Жаңыланды: 22.11.2018 16:57 На русском

Россиянын жараны экени айтылган мэр Таалайбек Сарыбашовдун паспортунун сүрөтү

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина (КСДП) бүгүн, 22-ноябрдагы жыйында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Россиянын жарандыгын алганы тууралуу маалыматтар бар экенин айтып, УКМК кызматкерлерине бул боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

«Россиянын Салык кызматынын сайтында Таалайбек Сарыбашовго 2016-жылдын ноябрь айында россиялык паспорт берилгени белгиленген. Бүгүнкү күндө жашаган жери катары Новосибирск көрсөтүлүп турат. Федералдык салык кызматы аны Россиянын жараны катары билет. Кыргызстандын мыйзамы боюнча чет өлкөнүн жарандары мамлекеттик жетекчилик кызматтарды аркалай албайт», - деди депутат.

Кийинчерээк УКМКнын басма сөз кызматы мэр Таалайбек Сарыбашовдун жарандыгы боюнча текшерүү жүргүзүлө турганын билдирди.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, Таалайбек Сарыбашов Кыргызстандын жараны.

«Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 2000-2002-жылдары Россияда мигрант болуп иштегени анык. Мэр Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина айткан Новосибирск шаарында мигрант болуп жашаган, бирок Россиянын жарандыгын алган эмес. Буга чейин Таалайбек Сарыбашов Алай районунун акими, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келген», - деди А.Абсаттаров.

Т.Сарыбашовго тиешелүү паспорттун сүрөтүн Turmush басылмасына Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы берди

Мэр Т.Сарыбашовдун паспорту

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×