Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 13.11.2018 10:45

Ош шаарына Индиядан тажрыйбалуу дарыгерлер келишти

Turmush -  Ош шаарына Индия өлкөсүнүн Дели шаарындагы ооруканадан хирург Вилич Вич жана тажрыйбалуу 2 дарыгер келди. Вилич Вич буга чейин кыргызстандык Милан Садыкжан уулу менен Мээргүл Анарбек кызына Индияда операция жасаган болчу.

Хирургдун Кыргызстанга болгон сапарынын негизги максаты боор оорулары менен ооруган адамдарга жардам берүү жана бул ооруну Кыргызстандын аймагында азайтуу болуп саналат. Ал Ош мамлекеттик унверситетинде Ош шаарындагы хирургдар менен жолукту. Ошондой эле боор оорусу менен жабыркаган жарандарга кеңеш берди (акысыз).

Ош шаарындагы жолугушуу Бишкек шаарында дагы улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×