Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусу, Ош 12.11.2018 16:42

Оштогу куурчак театрдын жамааты Ч.Айтматовдун чыгармасын Лондондо сахналаштырып көрсөтөт

Turmush -  Надыр Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын жамааты Чыңгыз Айтматовдун «Чыпалак бала» чыгармасын Лондон шаарында сахналаштырып көрсөтөт. Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын директору Шералы Бекташевдин маалыматы боюнча, чыгармачыл жамаат кийинки айдын башында Улуу Британиянын борбор шаары Лондонго сапар алат.

«Облустук куурчак театрдын жамааты Султан Раевдин долбоорунун негизинде Чыңгыз Айтматовдун "Чыпалак бала" чыгармасын Лондондогу театрда көрсөтүшөт. Алар 1-декабрь күнү жөнөп кетишет», - деди Ш.Бекташев.

Буга чейин З.Бабур атындагы өзбек улуттук драма театрынын чыгармачыл жамааты Лондонго барып, «Ричард III» спектаклин көрсөткөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×