Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 07.11.2018 08:58

Чымчыктарга белек. Оштогу интернаттын тарбиялануучулары 95 уя жасашты

Turmush -  Ош шаарында «Жер жалпыбыздын үйүбүз» деген аталыштагы инсталляциянын ачылышы 6-ноябрда болуп өттү. Инсталляцияда чымчыктар үчүн атайын 95 уя жасалган.

Аларды жасоо Кызыл Ай коомунун ыктыярчылары жана боорукердик интернат үйүндө тарбияланган балдар тарабынан демилгеленген болчу. Кызыл ай коомунун директору Азамат Сабировдун айтымында, бул иш-чара табиятты сүйүүгө чакырат.

«Бул инталляциянын негизги максаты жаштарды табиятты сүйүүгө жана ага аяр мамиле жасоого чакыруу. Ош шаарына аз да болсо көрк кошууну кааладык», - деди Азамат Сабиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×