Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 03.11.2018 19:41

Ошто Кыргызстандын ат оюндары боюнча чемпионаты жыйынтыкталды (видео)

Turmush -  Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарында ат оюндары боюнча КРнын чемпионаты жыйынтыкталып, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, финалдык оюнда Чүй облусунун командасы менен Ысык-Көл облусунун командасы ойноп, Чүй облусун командасы 5-1 эсебинде жеңип алды.
2-орунду Ысык-Көл облусун командасы жеңди. 3-орунду Талас облусун командасы, 4-орунду Ош облусун командасы ээледи.

1-орунду алган Чүй облусунун командасына 500 миң сом, 2-орунду алган Ысык-Көл облусунун командасына 250 миң сом, 3-орунду алган Талас облусунун командасына 100 миң сом, 4-орунду алган Ош облусунун командасына 80 миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Өкмөткө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун айтымында, жогорку деңгээлдеги ат оюндары Ош жана Бишкектеги ат майдандарда жыл сайын өтүп турат.

«Биздин чечимибиз боюнча, Бишкек шаары менен Ош облусунда республикалык маанидеги ат оюндары жылына өтүп турат. Мындан сырткары ар бир облуста улуттук спорттун түрлөрү боюнча ар кандай мелдештер болот. Мунун максаты облустарда улуттук спорттун деңгээлин көтөрүү болуп саналат. Кийинки планыбыз Оштогу ушул ат майданды оңдоп-түздөөдөн өткөрүү болуп саналат. Бул идеябызды президент Сооронбай Шарипович дагы колдоду. Бул ат майданды оңдоп-түздөөдөн өткөрүп Манас оюндарына окшотуп чоң мелдеш уюштурсакпы деп турабыз. Бүгүнкү күндө Оштогу ушул «Төлөйкөн» ат майданы, Бишкектеги ат майдан, Чолпон-Атадагы ат майдандары талапка жооп бере турган ат майдандар болуп саналат», - деди Аманкулов.

Мындай маанидеги ат оюндары акыркы жолу ошол эле «Төлөйкөн» ат майданында өткөрүлгөн. Ат оюндары боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында жорго жарыш, кунан жарыш, тай жарыш, эр эңиш жана 7 облустун, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын командаларынын катышуусундагы чемпионат 1 жума бою уланды.

Ошондой эле көк бөрү боюнча оюндардын жүрүшүндө «Эң мыкты аргымак» наамын Ысык-Көл облусунун Золотой аргымагы алып, анын ээси 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. «Эң мыкты оюнчу» наамына Чүй облусунун командасынан Кубаныч Султан уулу татып, 10 миң сом акча тапшырылды.

Командаларга сыйлыктарды Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов, президенттик аппараттын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Ч.Айтматовдун уулу Элдияр Айтматовдор тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.