Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 03.11.2018 14:17 На русском

Ошто 9 боз үй тигилип, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленүүдө (видео, сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарында республикалык деңгээлде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чарага Ош облусундагы Кара-Кулжа, Алай, Араван, Өзгөн жана башка райондорунан делегациялар келишти. Борбордук аянтка жалпы 9 боз үй тигилип, ар бири Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен аталган. Ошондой эле, жазуучунун сүрөттөрү илинип, басып өткөн тарых жолу түшүрүлгөн банерлер орнотулган.

Райондордон келишкен чыгырмачыл топтор жазуучунун чыгармаларын сахналаштырып беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×