Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 02.11.2018 13:32

Жамийласы жок араба, Нургазынын ак кемеси. Ошто Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 1-ноябрь күнү Ош мамлекеттик университетинде «Адамзаттын Айтматову. Өтмүш. Учур. Келечек» деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ага драматург Султан Раев, Эл аралык түрк академиясынын президенти Кыдыраалы Дарханов жана башка окумуштуу-илимпоздор катышып, бяндама окушту, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Ал эми университеттин имаратынын сыртына «Ак кеме» повестиндеги кеме, Жамийла түшкөн араба сыяктуу буюмдардын, каармандардын жандуу таасир калтырган макеттери орнотулган. Ошондой эле студенттер конференциянын конокторуна жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырып көрсөтүштү.

Бул идея университеттин ректоруна таандык, деп кошумчалады окуу жайдын тарбиялык жана социалдык иштер боюнча проректору Түмөнбай Колдошов.

«Кыргызстан боюнча бүгүн Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы Ош мамлекеттик университетинде старт алды. Буга чейин 85 жылдыгында жазуучунун 2 эстелиги университетке орнотулган эле. Ал эми бүгүнкү иш-чарада искусство факультетинин студенттери тарабынан тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү, жазуучунун фотогалереясы уюштурулуп, 35 мүнөттүк спектакль көрсөтүлдү», - деди Колдошов.

Университеттин дизайнер бөлүмүнүн студенттери Айтматовдун каармандарына өздөрүнүн чеберчилик менен жасаган кийимдерин кийгизип, сындан өтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×