Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 02.11.2018 11:24 На русском

Оштогу Алымбек датка эс алуу багы мыйзамсыз күркөлөрдөн тазаланып жатат (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарындагы Алымбек датка атындагы эс алуу багында мыйзамсыз орнотулган күркөлөр четинен алынып жатат. Мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Азамат Абсаттаровдун билдиргенине караганда, күркөлөрдү алуу үчүн 1 күндөн көп убакыт керектелет.

«Мэрдин протоколдук тапшырмасынын негизинде шаардын аймагындагы тротуарларга курулуп калган, мыйзамсыз жерлерге орнотулган күркөлөр алынып жатат. Күркөлөрдү бир күндө эле алып салууга мүмкүн эмес, бирок четинен жок кылынып жатат», - деди А.Абсаттаров.

Буга чейин аталган сейил бакка күркөлөр орнотулуп, базарга айланып баратканы боюнча коомчулук нааразычылыгын билдирип келген. Ал эми анда жайгаштырылган күркөлөр Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын жетекчисине тиешелүү экени айтылып жаткан. Бирок бул маалыматты мэриянын басма сөз катчысы тастыктаган жок.

«Алымбек датка» этнографиялык багы мурунку мэрдин убагында курулган. Ал эми 2016-жылы күркөлөр орнотулуп баштаган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×