Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 01.11.2018 20:57 Жаңыланды: 02.11.2018 09:45

Самара Каримова жетекчилик кызматтан кайра бошотулду. Ырчы өзү эмне дейт?

Turmush -  Эмгек сиңирген артист наамына 26 жашында ээ болгон ырчы Самара Каримова Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын жетекчиси кызматынан бошотулду. Ал жетекчи болгону тууралуу тиешелүү буйрук 24-октябрда чыгарылганы маалымдалып, жамаатка Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү 31-октябрда тааныштырган болчу.

Эртеси 1-ноябрда С.Каримова тууралуу буйрукту маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жокко чыгарганы маалым болду. Министрликтин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, жетекчилик кызматка дайындоо тууралуу буйрук мыйзамсыз чыгарылган.

Ырчы кечээ жалпы жамаат менен жыйын өткөрүүгө жетишип, алдыга коюлган пландарды талкуулашканын билдирген болчу.

Жетекчилик кызматтан бошотулганы тууралуу маалымат тарагандан кийин Самара Каримова социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу билдирүү таратты.

Анда (өзгөртүүсүз жарыяланат): «Менде баары жакшы. Ар бир нерсе кудайдан. Жараткан мага дагы бир сыноо бериптир. Чын жүрөгүмдөн кабыл алдым. Мен сынбайм. 3 балам турганда кайратым ташка чапса сынбайт. Эне жүрөгү тоодой бийик болот. Өнөр адамы катары, музыкалык окуу жайдын абалына жүрөгүм ооручу. Зээриккенимден же кыларга ишим жоктон барган жокмун! Тобокелге салып, меценат тартып, проект жазып, 2 жылда гүлдөтүп коймокмун.

Ойчулдун оюу бүткүчө, тобокелчинин иши бүтчү эле... Мейли, насип деген нерсе бар! Менден башка жакшы адам келип оңдоор... Үмүт кылам жана тилектешмин. Өнөр адамдары абдан назик. Сулуу, кооз, көркөм жерде жашаса, окуса өнөр өөрчүбөйбү... Окуу жайдын жамаатына, улуу ага-эжелер сиздерге абдан ыраазымын. Бир да жаман сөз айтпай, кучак жайып тосуп алдыңыздар. Мен сиздерге ден соолук каалайм. Өзүмдүн кадырымды дагы бир жолу сездим!

Мен деген оңой адам эмес экенмин! Менин кичинекей кызматка келишим көп адамдын уйкусун бузат экен... Кээ бир чоң кызматта иштеген агаларымдын көкөйү кайнайт экен. Бирок айтаарым, кучактап отурган креслодон кетээриңер менен эл унутат. Кудайым берген талантым менен мен элдин жүрөгүндө болсом керек. Атагым ааламга, даражам дүйнөгө таанылгыча эмгектенем. Мага жата калып бут тоскондор мен силерге капа эмесмин. Ыраазымын! Ылайым менин куттуу, төгүлгөн дасторконумдан чай ичкиле!

Көп сөз бар эле, бирок менин мүнөзүм аял болсом да эркекче! Бир айтам, бирок кайтпайм! Өзүмдүн оюм менен жашайм! Жакшы сөз жазып, жакшылык каалаган замандаштарым, баарыңыздарга чоң рахмат!», - деп жазылган.

Өткөн жылы С.Каримова Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин жетекчиси болуп дайындалган. Бирок андан көп узабай бир катар талкуулардан кийин бул кызматтан баш тартканын жарыялаган болчу.

Эмгек сиңирген артист наамын Самара Каримова 2017-жылы 26 жашында алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×