Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 01.11.2018 16:57 На русском

Сүрөт: Ошто кыргыз милициясынын 94 жылдыгы белгиленип, алдыңкы кызматкерлер сыйланды

Turmush -  Бүгүн, 1-ноябрь — Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 94 жылдыгын Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы салтанаттуу белгиледи, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага Ош ОИИБдин мурунку башчылары, өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү жана облустун аймагындагы мекеме-уюмдардын өкүлдөрү, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсү жана жакындары, Ош ОИИБдин өздүк курамы катышты. Алгач кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер эскерилип, алардын айкелдерине гүл коюлуп, куран окулду.

Мааракени Ош ОИИБдин башчысы Малик Нурдинов ачып, милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтты. Ошондой эле кызматкерлерге медалдар, төш белгилер, алкыш баракчаларды жана ардак грамоталар тапшырылды.

Ноокат районуна караштуу Зулпуев айыл аймагынын К.Бобулов атындагы Баргы орто мектебинин жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнө Россия Федерациясынын Анапа шаарында 49 команданын ичинен 1-орунду утуп келгени үчүн сыйлыктарды тапшырылып, ата-энелерине ыраазычылык билдирди. Өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов Ош ОИИБдин өздүк курамын жана ардагерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, 50 миң сом акчалай сыйлык жана баалуу белектерди тапшырган. Салтанаттуу иш-чара майрамдык концерт менен улантылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×