Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 01.11.2018 11:44 На русском

Ошто унаа сүзүп кеткен окуучуну ооруканага жыгылып кетти деп алып барышкан

Turmush -  Ош шаарынын Амир-Темур аймактык кеңешиндеги Он-Адыр кичи районунда жаан жаап жатканда 8 жаштагы баланы автоунаа сүзүп кетти. Күбөлөрдүн айтымында, окуя 31-октябрь күнү саат 14:30 чамасында Он-Адырдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратынын алдында болгон. Ал эми унаа катуу ылдамдыкта жүрүп бара жатканы айтылууда.

Жабырлануучуга алгач аталган борбор тарабынан жардам көрсөтүлүп, Ош облустук балдар ооруканасына жөнөтүлгөн. Аталган борбордон билдиришкендей, баланын буту сынып кеткен. Ал эми ооруканага чогуу барган күбөлөрдүн айтымында, облустук балдар ооруканасына айдоочу, баланын апасы кошо барган. Бирок алар баланы дарактан кулап, бетонго жыгылды деген шылтоо айтышкан.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасынын башчысынын орун басары Жыргалбек Кадыровдун айтымында, баланын апасы уулу жыгылып кеткенин айткан.

«Бизге 31-октябрь күнү жабырлануучу баланы апасы алып келген. Ал баласы эшиктин алдында ойноп жатканда жыгылып кеткенин билдирди. Эгерде баланы унаа сүзүп кетти деп айтканда, биз дароо милиция кызматкерлерине билдирмекпиз. Баланын абалы жакшы, оң бутунун тизесинен ылдыйкы бөлүгү сынып кеткен», - деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×