Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 01.11.2018 18:52 На русском

Ошто 16 жаштагы кыз көз жарды (толукталды)

Turmush -  Ош шаарында 16 жаштагы кыз уул төрөдү. Бул тууралуу Ош облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаева билдирди.

Анын айтымында, кыз төрөт үйүнө келгенде жашын жогорулатып айтып койгон.

«Кыз бизге 28-октябрь күнү Араван районунан келди. Алгач 2000-жылы туулганын айткан болчу. Биз кечээ, 31-октябрь күнү аны үйүнө чыгарып жатып, күбөлүгүн сураганда гана 16 жашта экенин билдик. Ал 3 кг 80 грамм салмактагы уул төрөдү», - деди дарыгер.

Учурда жаш кыздын көз жарышы боюнча териштирүү иштери башталды. Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кечээ, 31-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 16 жаштагы кыздын төрөгөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Кыз Ош облустук төрөтканага барып төрөгөн. Ал дарыгерлерге паспортунун жоктугунан күбөлүгүн көрсөткөн. Анда кыз 16 жашта экендиги маалым болгон.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп, кыз кандай жагдайда кош бойлуу болгондугу иликтенип жатат», - деп айтылат маалыматта.

Жаш кыз Өзгөн районунун 2002-жылы туулган тургуну болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×