Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 01.11.2018 10:12 Жаңыланды: 01.11.2018 12:30 На русском

Сүрөт: Ошто мал сарайдай цехте торттор жасалып келген

Turmush -  Кечээ, 31-октябрь күнү Ош шаарында кондитердик фирманын атын жамынып, мыйзамсыз иштетилип жаткан цех жабылды. Аталган цехти Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору текшерүүгө алган.

Борбордун башкы дарыгери Светлана Шерматованын айтымында, цех «Анкара» кондитердик фирмасынын атын жамынып иштеп жүргөнү аныкталды.

«Ош шаарында кондитердик фирмалар көп. Бизге каттоого турбай, өз алдынча иш жүргүзүп келгендер да жок эмес. Социалдык түйүндөрдө сүрөттөрү тараган фирмага барып, 1 күндө кампага айландырып коюшканына күбө болдук. Бирок торт жасаган жабдыктары, торттун идиштери ошол жерде калып калган. Буга карабай коробкаларды таштап, кампага окшоштуруп коюшкан. Ал жер мыйзамсыз иштеп жаткан, каттоодон да өткөн эмес. Биз ал цех кайсы ишкерге таандык экенин аныктадык. Шарты жаман торт жасоочу жай "Анкара" кондитердик фирмасына тиешеси жок. Биз алардын ишин токтоттук», - деди ал.

Буга чейин 30-октябрь күнү Оштогу журналист Эрмек Муратбек уулу торт жасоочу жайдын сүрөтүн баракчасына жүктөп: «Ош шаарынын "Туран" шаарчасында жайгашкан өздөрүн "Анкара" деп атап алган кондитердик фирманын көрүнүшү... Кирип көрсөң тобо кыласың. Мал баккан сарайдан да абалы начар шартта элге торт жасап жатышат. Бул эмне деген шумдук? Кардардын да укугу корголушу керек да. Мындай шартта жасалган тортту жеп жаткандардын ден соолугу "Анкара" үчүн баары бирби? Урматтуу Ош шаардык СЭС кызматы, бул жайды текшерүүгө аласыздарбы?», - деп суроо салган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×