Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2018 16:06

Ырчы Самара Каримова жетекчи болуп дайындалды

Turmush -  Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайды ырчы Самара Каримова жетектейт. Бул маалыматты ырчы өзү тастыктады.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова 24-октябрь күнү Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын жетекчиси болуп Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан дайындалган. Ал бүгүн, 30-октябрь күнү жамаатка тааныштырылып, кызматына расмий киришти.

Ырчынын санаалаштары туура тандоо болгонун, ал жетекчилик кызматты татыктуу аркалайт деп ишенип жатышканын билдиришти.

самара(1)

Өткөн жылы С.Каримова Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин жетекчиси болуп дайындалган. Бирок андан көп узабай бул кызматтан баш тартканын жарыялаган болчу.

Жаңы жетекчи Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын 2017-жылы 26 жашында алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×