Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2018 12:32

Оштогу «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын жетекчисинин кызмат орду каралат, - мэр

Turmush -  Ош шаарын жылуулук менен камсыздоочу «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин кызмат ордуна шайкештиги карала турган болду. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин бүгүн, 30-октябрдагы кезектеги сессиясында айтылды, деп билдирди кабарчы.

Күн тартибинде жалпы 9 маселе болсо, жылуулук маселеси биринчилерден болуп каралды. Талкуу учурунда шаардык кеңештин депутаты Мирлан Аматбеков жеке турак үйлөр борбордук жылуулук түтүгүнө кошулганы боюнча «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын жетекчиси Беделбай Кадырбердиевди айыптап, эмне себептен мындай болуп жатканын сурады.

Ал эми шаар мэри Таалайбек Сарыбашов мунун себебин коррупция менен түшүндүрдү.

«Коррупция болуп жатат. Бир үйдөн миң сомдон алынса, 400 үйдөн 400 миң сом акча болот экен, мына себеби. Быйыл "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын жетекчиси иштей берсин, кийинчерээк иш орду каралат», - деп жооп шаар мэри.

Буга чейин Ош шаарындагы заманбап шарттары менен курулган жана курулуп жаткан чоң турак үйлөргө жылуулук берилбей турганы маалым болгон. Шаар мэри элдин эсебинен «хан сарайлар» дагы жылуулук алып жатканын, аларга жылуулук берүүнү токтотуу тапшырмасы берилгенин билдирди.

Мындай аракеттерди «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын жетекчиси Беделбай Кадырбаев да тастыктап, учурда 400 «хан сарайга» жылуулук берүү токтотулганын тастыктады. Ал үйлөрдүн ээлеринин дебитордук карызы бар экени айтылды.

Кадр маселесине Жогорку Кеңештин депутаттары киришпесин, айтып койгула, - мэр Таалайбек Сарыбашов

Оштогу 400 «хан сарай» жылуулуксуз калды

Ош шаардык кеңешине жаңы депутат келди (сүрөт)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×