Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2018 12:11 Жаңыланды: 30.10.2018 14:16 На русском

Видео: Кадр маселесине Жогорку Кеңештин депутаттары киришпесин, айтып койгула, - мэр Т.Сарыбашов

Turmush -  Бүгүн, 30-октябрда Ош шаардык кеңешинин депутаттары кезектеги сессияга чогулуп, күн тартибинде жалпы 9 маселе каралды. Шаардык кеңеште жалпы 45 эл өкүлү болсо, бүгүнкү жыйынга алардын ичинен 42 депутат катышып жатат.

Күн тартибиндеги биринчи маселе — 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Ош шаарындагы мекемелерди, жашоочуларды жылуулук менен камсыздоо маселеси каралгандан кийин сунуш-пикирлерге кезек берилди. Анын алкагында сөз алган «Республика — Ата Журт» фракциясынын өкүлү Бекболот Азибаев: «Урматтуу мэр, өзүңүзгө жакпаган кадрлардын иш ордун карасаңыз», - деп сунуш берди.

Айрым депутаттар мэрге зарыл болгон мекемелерде кадр алмаштырууну сунушташты. Айрым эл өкүлдөрүнүн пикиринде жүктөлгөн милдетти аткара албаган жетекчини алмаштыруу зарыл.

Бул маселеге жооп узаткан мэр Таалайбек Сарыбашов: «Бул маселени карап чыгалы. Бирок сиздерде жеке кызыкчылык болсо, анда маселени мындай жол менен чечүүгө болбойт. Мен бул кызматка жакында эле дайындалдым, ким кандай иштеп жатканын билишим керек. Чынында иштебеген жетекчилер кызматынан бошотулуп, иштегендер гана кызмат кылат.

Макул, мен бул маселени карап берейин. Бирок кадрга Жогорку Кеңештин депутаттары кирише бербесин, айтып койгула», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×