Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2018 09:54 Жаңыланды: 30.10.2018 10:15 На русском

Ош шаардык кеңешине жаңы депутат келди (сүрөт)

Turmush -  Ош шаардык кеңешине «Республика — Ата Журт» фракциясынын тизмесинен жаңы депутат келди. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда өтүп жаткан Ош шаардык кеңешинин кезектеги 16-сессиясында айтылды, деп билдирди кабарчы.

Буга чейин депутат Жасур Азимов Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалып, анын орду бош калган.

Шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов вице-мэр болуп дайындалган Жасур Азимовду куттуктап, анын ордуна келген Темирбек Жунусовго депутаттык төш белгини тапшырды.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Темирбек Жунусов

Жунусов Темирбек Арстанбекович 1985-жылы төрөлгөн. 2016-жылды Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо тизмедеги 107 талапкердин ичинен №22 болуп жазылган. Ал буга чейин Жапалак айыл өкмөтүнүн башчысы болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×