Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Ош облусу, Ош 29.10.2018 17:47 На русском

Ошто ара төрөлгөн 3 эмди Нуржан, Бекжан жана Гүлжан деп аташты (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында төрөлгөн 3 эмге Нуржан, Бекжан жана Гүлжан деген ысым берилди. Алардын ата-энеси Эрнис Бакиров менен Гүлназ Батырова буга чейин 2 балалуу болушкан. Эми алар 5 баланын ата-энеси.

Ак-Тилек кичи районунун тургуну Гүлназа Баатырованын 3 эми (2 кыз, 1 уул) айына жетпей, 4-октябрда саат 12:43 чамасында операция жолу менен жарыкка келген. Алардын улуусу 1 кг 475 г салмакта, экинчи кызы 1 кг 660 г салмакта болсо, үчүнчү болуп төрөлгөн уулунун салмагы 1 кг 545 г болгон.

Бүгүн, 29-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов куттуктап, бөбөктөргө ылайыктуу коляскаларды жана акчалай жардам көрсөттү. Ошондой эле медицина кызматкерлерине үч эмдин абалын үзгүлтүксүз көзөмөлгө алууну тапшырган.

Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×