Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 29.10.2018 16:43

Сүрөт: Кара-Сууда ат оюндары боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Turmush -  Бүгүн, 29-октябрда Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы «Төлөйкөн» ат майданында ат оюндары боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды. Анын алкагында көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты да башталды. Чемпионаттын жүрүшүндө тай жарыш, кунан чабыш, эр эңиш, көк бөрү боюнча мелдештер болот.

«Кыргызстандын ат оюндары боюнча чемпионаты көп жылдан бери болбой калган. Биздин билишибиз боюнча 2008-жылы расмий биринчилик өткөн экен. Бул жолку чемпионат Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналат. Бул мелдештин башкалардын айырмасы — жыйынтыгында жеңүүчү болгон команданын өкүлдөрүнө спорт чебери наамы ыйгарылгандыгында болуп жатат.

Стадиондун абалын кароо, келген коноктордун аргымактарын тоют менен камсыз кылуу милдети бизге жүктөлгөн. Биз ат майданга 155 "КаМАЗ" топурак төктүк. Көк бөрү ойнолуучу майданга да кум төшөлдү. Ошондой эле мамлекеттик спорт комитети тарабынан стандартка жооп бере турган тай казандар орнотулду», - деди Ош облустук жаштар иштери жана дене тарбия боюнча спорт комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Жунусмамат Сатыгулов.

Оюндардын жыйынтыгында акчалай сыйлыктар берилип, спорт чебери наамдары тапшырылат. Ал эми мелдештин жеңүүчүлөрү үчүн жалпы 500 миң сом байге даярдалган.

«Мелдештер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып уюштурулган. Мында жеңүүчү болгондорго акчалай сыйлыктар менен бирге спорттун чебери наамы берилет. Ошондой эле кийинки 4 орунду ээлегендерге акчалай сыйлыктар тапшырылат», - деди Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов.

Бүгүн түшкө чейин көк бөрү боюнча эки оюн өттү. Анда Чүй облусунун командасы Бишкек шаарынын командасын 10:3 эсебинде, Ош облусунун командасы Жалал-Абад облусунун командасын 4:1 эсебинде жеңди.

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионатына 7 облустан жана Ош, Бишкек шаарларынан жалпы 9 команда катышат. Мындан сырткары тай жарыш, кунан чабыш, кыска аралыкка аргымак жарыштыруу, эр эңиш (5 салмак категорияда) оюндары болот. Оюндардын финалдык туру 3-ноябрь күнү жыйынтыкталат.

Мурунку чемпионат 2008-жылы ошол эле «Төлөйкөн» ат майданында өткөн. Буга чейин бул жолку чемпионатта белгилүү улакчылар — Ниязовдор катышпай турганы маалым болгон эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×