Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 29.10.2018 19:06 Жаңыланды: 30.10.2018 09:06 На русском

Видео, сүрөт: Дубалдары көгөрүп, курт баскан оорукана. Оштогу бейтаптардын арызы

Turmush -  Дубалдары нымдан улам көгөргөн Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар стационардык ооруканасынын имараты авариялык абалда. Бул имарат 1949-жылы курулган.

Ооруканада дарыланып жаткан балдардын ата-энелери жыл сайын санитардык абалына нааразычылыктарын билдирип келишет. Ата-энелердин айтымында, оорукананын дубалдары көгөрүп, ашкана, бөлмөлөрдү курт (таракан) каптап кеткен. 2-4-бөлүмдөрдүн дубалы көгөрүп, астынан ным өтүп, ооруган балдардын абалын жакшыртууга тоскоолдуктар болууда.

Атын атагысы келбей, камерадан жүзүн жашырган жергиликтүү тургун фондго деп ар бир ата-энеден 100 сомдон алына турганын айтты.

«Медайымдар, дары-дармектер боюнча эч кандай арыздануум жок, болгону санитардык абалы гана талапка жооп бербейт. Түнкүсүн курт (таракан) дубалдарда, ашканада жайнап калат. Идиш, тамактарыбызды аралап кетишет. Балдарыбыздын кулактарына кирип кетпесин деп кебез салып коёбуз. Айрым бөлмөлөрдө керебеттерди ортого жылдырып уктайбыз.

Ооруканадан чыгып баратканда ар бир ата-энеден 100 сомдон фондго (ооруканага шыпыргы, дагара сыяктуу керектүүлөрдү сатып алууга) деп алып калышат», - деди ал.

Ал эми кабарчылар бейтаптар жаткан бөлмөлөргө киргенде медайымдардын көзүнчө суроолорго ачык жооп берүүдөн тайсалдап турушту.

Бирок мындай даттануулар көп жылдан бери айтылып келет. 2014-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары келип, жаңы имарат курулат деген убада айтылгандан бери 4 жыл өттү. Ал эми оорукананын жетекчиси Кайрат Абжалов курттар жылуулук берилген убакта гана чыгарын айтты.

«Курттар жылына жылуулук берилген убакта көп кабаттуу үйлөр тараптагы түтүкчө аркылуу келет. Жумасына эки жолу дезинфекцияланып турат. Жайында тамак-аштын жытына келе берет экен. Бир таракан көбөйгөндө 800-900 жумуртка чачып, аны жок кылуу кыйынчылыктарды жаратып жатат. Ал үчүн имаратта эч кимди калтырбай, курттарды тазалоо керек.

Шаардык оорукана болгону менен түштүк региондогу балдар келет. Учурда жаңы имарат үчүн акча бөлүнүп, курулушу жазда башталат деп турабыз. Ал эми фондго деп акча алганга эч кимдин укугу жок. Эгер ошондой факт катталса, акча жыйнаган адам жоопко тартылат», - деди Кайрат Абжалов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×