Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 27.10.2018 15:42 На русском

Сүрөт — Ошто грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир башталды

Turmush -  Бүгүн, 27-октябрда Ош шаарындагы «Алыш» спорт комплексинде маркум Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча VIII эл аралык турнир башталды. Турнирге Кыргызстандын 7 облусунун жана Өзбекстан, Тажикстандан келген 200 спортчу катышууда.

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Улан Ражапов: «Бүгүнкү турнир Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналды. Спортчулар 10 салмак даража боюнча күч сынашат», - деди.

Эки күнгө созулган турнирдин жеңүүчүлөрүнө Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер берилип, демөөрчүлөр акчалай сыйлыктарды тапшырышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×