Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 26.10.2018 11:06 На русском

Ош облустук балдар ооруканасы жаңы жабдыктуу болду (сүрөт)

Turmush -  Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасы жаңы жабдуулар менен камсыздалды, деп билдирди өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айтмат Азамжан. Маалым болгондой, аталган ооруканада жылына 20 миңден ашуун бала дарыланат. Ал эми 2018-жылдын башынан бери бул ооруканадан 15 миң 856 бала дарыланып чыккан.

25-октябрь күнү бейөкмөт уюмдар тарабынан ооруканага 217 миң сомдун жабдуулар менен шаймандар берилди. Алар паллиативдүү жардамга муктаж болгон балдар үчүн эң маанилүү медициналык жабдуу болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×