Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 25.10.2018 17:18

Ошто кайрымдуулук фонддун төрагасы коркутуулар болуп жатканын айтып чыкты (видео)

Turmush -  «Ак-ниет-Аманат» кайрымдуулук фондунун төрагасы Медербек Сапарбаев анын дарегине коркутуулар болуп жатканын бүгүн, 25-октябрь күнү АКИпресс-Ошто уюштурган маалымат жыйында билдирди. Төраганын айтымында, акыркы кайрымдуулук ишинен кийин социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу коркутуулар болгон.

Ош шаары

«Айрым адамдар биздин ишибизге тынчсызданып жатабы же биздин фонд элден түшкөн акчаны өз алдынча жеп койду деп ойлоштубу, айтор акыркы кайрымдуулук ишибизден кийин баракчабызды жаап, видео чакыруу аркылуу ыпылас видео көрсөтүп, ири суммадагы акча талап кылып жатышат. Эгер мен алар талап кылган акчаны бербесем мени кошуп монтаж кылган видеону интернетке жайылтып жиберишерин айтышты. Мен фонд боюнча айтып коюшум керек. Фонд Россияда 2015-жылы түптөлгөн. Бирок 1 жылдан бери расмий кайрымдуулук фонд катары иштеп жатабыз. Фонддун демилгеси менен көптөгөн муктаж инсандар үйлүү болду. Былтыр 1 турак үй тапшырганбыз. Быйыл 6 үй курулуп жатат.

Фонддун демөөрчүлөрү эл болуп саналат. Биз колунда жок же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды таап, аларга жардам керектигин социалдык баракчабыз аркылуу жарыялайбыз. Эл акча жөнөтөт. Бирок ал акчалардын тыйынына чейин кайда сарпталганы боюнча маалымат берип турабыз. Акыркы жолу биз Асылбек Нуркамил уулуна (көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган) 3 бөлмөлүү батир тапшырдык. Чындыгын айтыш керек. Ошол турак жайдын ээси Нурбек Алимбеков батирдин 21 миң доллар акчасын жардам болсун деп алган жок. Биз эл тарабынан чогулган акчадан батир үчүн 18 миң доллар, анын ичин оңдоо иштери үчүн 9 миң доллар котордук», - деди М.Сапарбаев.

Фонддун юридикалык иштерин жүргүзгөн Кубанычбек Бакиров ыпылас ойлору бар жарандар укук коргоо органдары тарабынан оңой эле кармаларын билдирди.

«Расмий маалымат боюнча Кыргызстандын 30 пайыз калкы жардамга муктаж экен. Биздин демөөрчүлөрүбүздүн көпчүлүгү Россиялык мигранттар болуп эсептелет. Медербек айткандай, биздин дарекке жалган кептерди жаадырып, ар кандай иштерди жасап жатышат. Алардын аты-жөнү белгисиз, башка мамлекеттен байланышка чыктык деп жатышат.

Алар ар кандай видеолорду монтаждап, бизден ири суммадагы акча талап кылууда. Биз бул иш боюнча кеңешип, укук коргоо органдарына кайрылабыз», - деди К.Бакиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×