Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 24.10.2018 14:47

ОшМУнун студенттери Индиянын орто мектептеринде практика өтөп жатышат (сүрөт)

Turmush -  Ош мамлекеттик университети менен Индиянын Харьяна штатынын билим берүү министрлигинин ортосунда түзүлгөн келишим бар. Анын негизинде англис тили предметинин окутуучулары жана филологиялык билим берүү багытындагы англис тили профилинин студенттери менен магистранттары Харьяна штатындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда кесиптик билимдерин жана тажрыйбаларын өркүндөтө алышат.

ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин окутуучулары К.Белекова, М.Назарова жана Н.Эрмекбаева 2018-жылдын 12-октябрынан 21-октябрга чейин Харьяна штатынын билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулган эл аралык тренингге катышып келишти, деп билдирди окуу жайдын басма сөз кызматы.

Ал эми ушул эле факультеттин магистранттары А.Нишанова, А.Орозалиева жана Ч.Абдразакова Харьяна штатында жайгашкан Сонна, Горавер жана Карнал мектептеринде илимий-педагогикалык практикада жүрөт. Алар сабак өтүү менен бирге педагогикалык, методикалык жана лингвистикалык багыттагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө, мектеп окуучулары менен жакындан баарлашууга, окуу процессиндеги иш тажрыйбалар менен пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.

Бул сыяктуу тренингдер жана студенттер менен магистранттарга педагогикалык практика жылына 2 жолу уюштурулат. Аталган иш-аракеттер тууралуу Индиянын бир нече массалык-маалымат каражаттарында да чагылдырылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×