Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 24.10.2018 13:15 На русском

Ошто милициянын ардагерлери жаңы төрөгөн энеге белек беришти

Turmush -  Ошто ИИМдин ардагерлер кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 58 жылдыгына карата ардагерлер төрөт үйүндөгү жаш энеге жардам көрсөтүштү. Бул туурасында Ош ШИИБ билдирди.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин тѳрагасы Касым Кадыров менен ардагер Сайдумат Калматов төрөт үйүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 23 жаштагы эне менен жолугушту. Ардагерлер жакшы тилектерин айтып, мүмкүнчүлүккө жараша мындан ары да жардам кѳрсѳтүп турууну убада кылышкан.

Тун баласын жарыкка алып келген эненин саламаттыгына Ош шаардык тѳрѳт үйүндөгү дарыгерлер кам көрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×