Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 23.10.2018 09:37

Сүрөт — Батыш Чех университетинин 8 профессору ОшМУда

Turmush -  ОшМУ Чехия мамлекетинин Батыш Чех университети менен тыгыз кызматташып, иштешип келе жатат. 22-октябрда Батыш Чех университетинен келген философия жана искусство факультетинин деканы Давид Шанц, археология кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Павел Варжека жетектеген 8 адамдан турган делегация ОшМУнун ректору Каныбек Исаков менен жолугушуп, пикир алышты.

Жолугушууда декан Давид Шанц ОшМУ менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдер жемиштүү ишке ашып жатканын, учурда кызматташууну жогорку тепкичке көтөрүп, жаңы кызматташтыктарды жолго коюуга Батыш Чех университети кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле «Эразмус+» жана «Эразмус Мундус» программалары менен иштешүүгө аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

Буга чейин ОшМУнун эл аралык мамилелер, тарых факультеттери менен кызматташып, окутуучулар, студенттер академиялык мобилдүүлүктөн өтүп, археологиялык изилдөөлөр боюнча эки университеттин профессорлору алмашып лекция окуп, магистранттар археологиялык изилдөөлөргө катышып келген. Мындан ары искусство, энергетика сыяктуу башка адистиктер багытында алакаларды жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Батыш Чех университетинен келген делегация бир жума аралыгында ОшМУда болушуп, эл аралык мамилелер жана тарых факультеттеринде конок катары лекцияларды окушат. Ошондой эле тарых факультетиндеги музейдеги археологиялык табылгалар боюнча изилдөө иштерин жүргүзүшөт.
Эки окуу жайдын түзүлгөн келишимдеринде академиялык мобилдүүлүктөн сырткары эки университеттин ортосунда илимпоздордун биргелешкен илимий изилдөөлөрүн жүргүзүү, стажировкаларды уюштуруу, биргелешкен конференция, он-лайн лекция, симпозиумдарды өткөрүү иштери да каралган.

Белгилей кетсек, учурда Батыш Чех университетинин 16 студенти ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинен академиялык мобилдүүлүктөн өтүп жатышса, эл аралык мамилелер факультетинин 10 студенти Батыш Чех университетинде окуп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×