Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 19.10.2018 21:52

Дарыгердин эскертүүсү: Оштогу жаш үй-бүлө айлыгынын үчтөн бир бөлүгүн памперске коротот

Turmush -  Апалардын түйшүгүн жеңилдеткен памперстин зыяны тууралуу да уккандырсыз. Андыктан аны пайдалануунун эрежелерин сактоо зарыл.

Эгерде ымыркайдын денесинде кандайдыр бир белгилер байкалса дароо ооруканага кайрылуу керек, дешет дарыгерлер.

Памперс

Памперс

6 саат бою памперс менен жүргөн ымыркай зара кылууда кыйналат, деп билдирди Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар стационарынын башкы дарыгери Кайрат Абжалов.

дАРЫГЕР «Сапатсыз жана арзан памперстер жаш бөбөктөрдүн денесинде аллергияны пайда кылат. Көпчүлүк учурда баланын териси жарылып, ар кандай жаралар да пайда болууда. Памперс сатып алган учурда сапатына кароо зарыл.

Айрым энелер бир кийгизген памперсти 5-6 саат бою чечпей коюшат. Ошондой учурда балдардын заара кылышы кыйын болот. Бул буюм энелер үчүн ыңгайлуу болгону менен, жаш балдар үчүн ыңгайсыз болот.

Памперстерди сыртында жазылган эрежелер боюнча жана сапатына карап колдонууну сунуштайбыз», - деди Кайрат Абжалов.

Ал эми эки кыздын атасы Акмал Исраиловдун айтымында, айына памперске эле 4 миң сом коротушат.

«Менин эки кызым бар. Бири 2 жашта болсо, экинчиси 10 айлык. Өзүм 15 миң сом айлык алам. Эсептеп көрсөм алган айлыгымдын 3-4 миң сому памперске сарпталат экен. Ошондо да менин келинчегим үнөмдөп колдонот. Орто эсеп менен бир күндө 2-3 памперс пайдаланабыз. Мен өтө кымбатын сатып албайм, адатта 1 даанасын 18-20 сомдон алам», - деди А.Исраилов.

Ал эми дарыканадагы кызматкерлердин айтымында, Ош шаарынын борборундагы бир эле дарыканадан күнүнө орто эсеп менен 25 таңгак (1 таңгакта болжолдуу 25-30 даана болот) памперс сатылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×