Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 12.10.2018 16:04 На русском

Ош шаарында 3 эм төрөлдү

Turmush -  Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунун тургуну Гүлназа Баатырова 3 эм — 2 кыз, 1 уул төрөдү. Ымыркайлар айына жетпей, 4-октябрда саат 12:43 чамасында операция жолу менен жарыкка келген.

Учурда эненин жана балдардын абалы жакшы экенин дарыгерлер билдиришти. Үч эмдин улуусу 1 кг 475 г салмакта, экинчи кызы 1 кг 660 г салмакта болсо, үчүнчү болуп төрөлгөн уулунун салмагы 1 кг 545 г болгон.

32 жаштагы Гүлназа Баатырова эми 5 баланын апасы болду. Учурда эне менен ымыркайлар дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×