Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусу, Ош 12.10.2018 11:35 На русском

Кыргыз-казак интеллигенциясы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган форумга чогулушту (сүрөт)

Turmush -  Ош мамлекеттик университетинде «Ч.Айтматовдун мурасы: Ааламдашуу доорунда биримдикте жашоо» аталышындагы кыргыз-казак интеллигенциясынын форуму болуп өттү. Кечээ, 11-октябрдагы форумду Кыргызстандын Президенттик аппараты, Эл аралык Түрк академиясы жана Ош мамлекеттик университети биргеликте уюштурган.

Форумга филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов, президенттин кеңешчиси Султан Раев, Байтурсун атындагы тил илими институтунун директору, филология илимдеринин доктору Ерден Задаулы Кажыбек, Эл аралык Түрк академиясынын президентинин кеңешчиси, саясат таануу илимдеринин доктору Ержан Бекбаулы Иссакулов, СССРдин эл артисти, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кинорежиссер Генадий Базаров катышты.

«Бул форумдун максаты — Чыңгыз Айтматовдун калтырган мурасын эки элдин жаштарына жеткирүү. Ушул жылдын апрель айында Астана шаарында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата чоң иш-чара өткөрдүк. Ага кыргыз-казак жазуучулары катышкан», - деди Ержан Иссакулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×