Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусу, Ош 11.10.2018 19:09

«Алай» клубу Фергана өрөөнүнүн кубогун утту (фото)

Turmush -  Баткен шаарындагы борбордук стадиондо өткөн Фергана өрөөнүнүн кубогуна арналган мелдеште Оштун «Алай» клубу 1-орунду алып, кубокко ээ болду. «Алай» клубунан билдиришкендей, голдордун саны көп болгону үчүн кубокко татышкан.

«Биринчи оюнда «Алай» клубу Тажикстандын «Худжанд» клубун 3:2 эсебинде уткан. Экинчи оюнда «Алай» Өзбекстандын «Нефтчи» клубуна кез келип, тең чыккан. Үчүнчү оюнда биздин клуб Баткендин курама командасы менен ойноп, 9:0 эсебинде утуп алды. Жыйынтыгында «Алай» клубу менен «Нефтчи» клубунун упайлары тең болуп калып, голдордун саны көптүгүнөн «Алай» кубокко ээ болду», - деди «Алай» клубунун маалымат катчысы Кубанычбек Ураимов.

9-октябрь күнү Баткен шаарындагы Фергана өрөөнүнүн кубогуна арналган мелдеш старт алган. Ага Кыргызстандын жогорку лигасынан «Алай» клубу, Өзбекстандын жогорку лигасынан «Нефтчи» клубу, Тажикстандын жогорку лигасынан «Худжанд» клубу жана Баткен облусунун футбол боюнча курама командасы катышары маалым болгон.

Ошондой эле мелдеш 12 жашка чейинкилер арасында да болору, ага ошол эле өлкөлөрдүн 12 жашка чейинки балдардан куралган командалары катыша турганы айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×