Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 08.10.2018 15:44

ОшМУда мыкты мугалимдер сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Мугалимдер күнүнө карата Ош мамлекеттик университети 5-октябрь күнү Ош улуттук драма театрында салтанаттуу кече уюштурду. Анын алкагында ардактуу кесип ээлерине сый-урмат көрсөтүлдү.

Жыйынды ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков ачып, түмөн түйшүктүү кесипти аркалап, инсанды аруулукка тарбиялаган ардактуу кесип ээлерине жакшы ой-тилектерин билдирип, жылуу куттуктады. Ошондой эле бир жыл аралыгында университетте аткарылган иш аракеттер, алдыдагы пландар боюнча презентация жасап, ардактуу кесип ээлерин шыктандырды.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата билим берүүдө өзгөчө эмгеги үчүн:

- ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин доценти, биология илимдеринин кандидаты Г.Садыкова;

- факультеттер аралык дене тарбия кафедрасынын улук окутуучусу М.Сариева;

- табият таануу жана география факультетинин доценти, б.и.к. А.Абдыкааров;

- бизнес жана менеджмент факультетинин доценти, экономика илимдеринин кандидаты Т.Исраилов;

- медициналык колледжинин улук окутуучусу А.Эргешова Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйланышты.

Ошондой эле университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын бир тобуна Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы, Ош шаардык мэриясынын, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, ОшМУнун жана Бириккен профсоюздар уюмунун ардак грамоталары жана окуу жайдын өзүнүн акчалай сыйлыктары тапшырылып, алкыштар жарыяланды.
Салтанаттын жүрүшүндө 2017-2018-окуу жылында ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча да жеңүүчүлөр сыйланды.

Алар:

- «ОшМУнун мыкты окутуучу» сынагында 1-орунду ээлеген жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулу кафедрасынын окутуучусу Эдуард Буранов;

- «ОшМУнун мыкты окуу-методикалык комплекси» конкурсунда 1-орунду ээлеген орус филологиясы факультетинин орус жана салыштырма тил илими кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Жылдыз Тойчува ОшМУнун сертификаты жана 15 миң сомдон акчалай сыйлыктары менен сыйланышса, 2-орунду ээлеген окутуучулар 8 миң сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ал эми тарбия иштерин стимулдаштыруучу сынакта:

- «Жылдын мыкты куратору» наамын жана 3000 сом акчалай сыйлыгын кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты М.Шарипова;

- «Жылдын мыкты тарбия иштерин жүргүзгөн декандын орун басары» наамын жана 5000 сом акчалай сыйлыкты медицина факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары А.Саттаров жеңип алышты.

Кеченин экинчи бөлүгүндө ОшМУнун медицина колледжинин тилдер кафедрасынын чыгармачыл, таланттуу окутуучусу Жыпара Нуракованын «Мугалимге ыр десте» аталышындагы чыгармачылык кечеси тартууланды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×