Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 06.10.2018 10:16

Ош шаарына 3018 жыл: Волейбол мелдешинин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата мырзалар арасында волейбол боюнча ачык турнир болуп өттү. Ага Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынан, Жалал-Абад жана Ош шаарынан жалпы 14 команда катышты.

Мелдештин тайпалык оюндары 4-октябрь күнү Түштүк регионалдык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде башталган. Оюндун жарым финалдык жана финалдык бөлүгүнө шаар жетекчиси Таалайбек Сарыбашов, Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Азамат Арапбаев, Айнуру Алтыбаева, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов күбө болду.

Жыйынтыгында 1-орунду Ош шаарынын курама командасы, 2-орунду Жалал-Абад облусундагы ИИМдин ыкчам кызматынын командасы, 3-орунду Баткен облусунун, 4-орунду Ош МУнун командасы багындырды.

Жеңүүчүлөргө дипломдор, кубоктор, медалдар жана 4-орунга 20 миң сом, 3-орунга 30 миң сом, 2-орунга 50 миң сом, ал эми 1-орунду ээлеген командага 70 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Ошондой эле турнирге катышкан бардык командалар 10 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык берилип жана активдүү катышкандыгы үчүн дипломдор менен сыйланды. Мындан сырткары «Мыкты оюнчу», «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу» номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылды.

Турнирдин максаты волейбол боюнча командалар арасында ынтымакты, биримдикти, достукту жайылтуу жана элдин маанайын спорт оюндары аркылуу көтөрүү болуп эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×