Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусу, Ош 05.10.2018 12:50 Жаңыланды: 05.10.2018 13:36 На русском

Ош шаарынын 3018 жылдыгынан фоторепортаж

Turmush -  Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3018 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Шаар күнүнө карата бир катар иш-чаралар, оюн-зооктор уюштурулган.

Алардын бири — «Ош — ооматтуу ордо калаа» аталышындагы айыл чарба жармаңкеси. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Жанболот Айбашовдун айтымында, бул жармаңкеде коюлган азык-түлүктөр базар баасынан бир топ арзан. Мисалы, эттин килограммы 280 сом болсо, картошка 12-13 сомдон сатылууда. Мындан сырткары тамак-аштардын көргөзмөсү да уюштурулуп, анда Ош шаарынын 3018 жылдыгынын урматына атайын нан азыктары жасалып, таттуулар даярдалган.

Учурда шаарда Мугалимдер күнү менен шаардын 3018 жылдыгы чогуу белгиленип жатканын Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Авазбек Асанов кошумчалады.

«Учурда "Билим жана чыгармачылык" жармаңкесин өткөрүп жатабыз. Буга шаардагы 55 мектеп, 40 бала бакчанын жамааты катышып, өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу шаардыктарга айтып берип жатышат. Бүгүн шаар күнү менен кошо кесиптик майрамыбызды чогуу белгилеп жатабыз», - деди ал.

Ошону менен катар «Дүйнө балдардын көзү менен» сүрөт тартуу сынагы өттү. Анда жалпы 54 сүрөт тартылып, 10 окуучу жеңүүчү деп табылды. Жеңген окуучуларга окуу куралдары, баштыктар (сумка) Ош шаардык мэриясы тарабынан белекке берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×