Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 05.10.2018 10:56 На русском

Сүрөт — Ош облусунун кылмыш иликтөө кызматын башкарган жетекчилер

Turmush -  Быйыл Кыргыз Республикасынын ИИМнин кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Мааракеге карата Ош ОИИБдин басма сөз кызматы аймактагы кылмыш иликтөө кызматынын түзүлүшү боюнча тарыхый маалыматтарды билдирди.

Ош округунун кылмыш иликтөө кызматынын жетекчисинин баяндамасында: «Ош округунда кылмыш иликтөө кызматын түзүү боюнча уюштуруу иш-чаралары 1925-жылы 1-майда башталып, ал эми 1925-жылы 22-майда түзүлгөн кызмат милдеттерин аткарууга өткөн. Ыкчам тармак түзүлүп, кылмыш элементтери каттоого алынган», - деп айтылат.

Ош округунун кылмыш иликтөө кызматынын биринчи жетекчиси болуп Төрөкул Кудайбергенов дайындалып, ал 1924-жылдан баштап 1927-жылга чейин аталган кызматта эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×