Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 03.10.2018 10:01

Ош шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлдү

Turmush -  Ош шаарынын айрым аймактарында бүгүн, 3-октябрда саат 09:00дөн тарта 17:00гө чейин электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурайт, деп маалымдайт мэрия. Мындай чектөөлөр 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергетикалык объектилерди даярдоо иштерине байланыштуу.

Электр жарыгы өчүрүлө турган даректер:

- Курманжан Датка жана Достук аймактык кеңешине караштуу Фрунзе районунун базары;

- ШКТ району;

- А.Шакиров көчөсүндөгү №8,9,11 даректер;

- ӨКМдин шаардык бөлүмүнүн имараты;

- Касымалиев, Панфилов, Некрасов, Спорт, Ленин, Алиев, Чапаев, Курманжан датка, Вишневый, Ташкент көчөлөрүндөгү турак жайлар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×