Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 01.10.2018 13:50

Карылар күнү: Оштогу «Боорукердик» үй интернатына жылына 7,5 млн сом бөлүнөт (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын аймагында 1-октябрь — Карылар күнүнө карата ар кандай иш-чаралар уюштурулуп жатат. Анын алкагында кылым карыта жашаган карыялар менен шаардык бийликтин өкүлдөрү жолугушту.

Жапалак айыл аймагына караштуу Кеңеш айылынын 103 жаштагы тургуну Саламат Таштанбекова, 97 жаштагы Кимсан Исабаеванын абалы менен таанышкан Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев акчалай белек тапшырып, бекем ден соолук каалады.

Саламат Таштанбекова документтериндеги маалымат боюнча учурда 103 жашта. Ал буга чейин тынымсыз иштегенин айтып берди.

«Жашымда абдан чыйрак болдум. Андай болбосом да болчу эмес эле. Жок жерден дүйнөлүк согуш башталып, эркек аттуунун баары ошол жакка кетпедиби. Ошол убакта талаада кырманда иштеп, эгинди сапырып, кетмен чаап иштөөгө туура келди», - деди С.Таштанбекова.

Саламат апанын учурда 2 уул, 2 кызы, 25 небереси, 45 чөбөрө, 36 чебере жана 1 чыбырасы бар.

Ал эми Кимсан Исабаева 97 жашка толду. Ал 2 уул, 2 кыз, 15 небере жана 5 чөбөрөнүн апасы.

Ошондой эле Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов «Боорукердик» үй интернатында жашаган карыялардан жана жүз жаштан ашкан Касиет Жолдошевадан кабар алды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Т.Сарыбашов ата-энесин кароосуз калтырган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алдын алуу иш-аракеттери жүрүп жатканын белгилеп, ал эми такыр мүмкүнчүлүгү жок кары-картаңдар учурда жатак интернатта экенин билдирди.

«Жылына жергиликтүү бюджеттен “Боорукердик” үй интернатына 7,5 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилет. Жалпысынан 23 карыя жашап, 28 өспүрүм тарбияланып келет. Бөлүнгөн акча каражаты алардын тамак-ашына, ден соолугуна кам көрүү багытына жумшалат. Мындан тышкары айрым коомдук уюмдар, кайрымдуу жарандар, жаштар кабар алып турушат.

Бүгүн да Карылар күнүнө карата бул жактагы ата-апалардан кабар алып, баарлашып, белектерди, таттууларды тапшырып жатабыз», - деди Т.Сарыбашов.

Жалпысынан Карылар күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул жолу жардамга муктаж 145ге жакын ата-апаларга жардам берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×