Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 01.10.2018 11:43 На русском

Ошто 2 унаа кагышып, жаш балдар жаракат алды (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын А.Мамыров жана Молдониязов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаанын кагышуусунан 2 жаш бала жаракат алды. Окуя кечээ, 30-сентябрь күнү саат 12:00 чамасында «Хонда Фит» жана «Опель Вектра» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда болгонун Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Аталган автоунаалардын ичинде 2 айдоочу жана 2 жаш бала болгон. Кырсыктын кесепетинен жаракат алган 2 жаш бала ооруканага жеткирилип, биринчи жардам алгандан кийин үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми автоунаалар айып короосуна киргизилип, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Сүрөттөрдүн автору Хулькар Исамова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×